# 18-берене. Атайын жөнгө салууну өзгөртүү жана аяктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 18-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-18

---

1. Атайын жөнгө салууну өзгөртүү Президенттин тиешелүү чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен аны колдонуу мөөнөтүнүн чегинде жүзөгө ашырылат.

2. Атайын жөнгө салуу төмөнкүдөй учурларда аяктайт:

1) анын мөөнөтү бүткөндө;

2) алардан убактылуу бошотуу атайын жөнгө салуунун предмети болгон милдеттер ушул Кодекстен же ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыдан алып салынганда;

3) Президенттин аны менен атайын жөнгө салуу киргизилген чечими жокко чыгарылган учурда.

3. Президент, эгерде чечим кабыл алынгандан кийин атайын жөнгө салууну колдонуунун ушул Кодексте белгиленген аны киргизүүнүн принциптерине жана максаттарына шайкеш эместиги аныкталса, ага тете аны киргизүүдөн терс кесепеттерди азайтуу боюнча чаралардын натыйжалары жок болсо, атайын жөнгө салууну киргизүү жөнүндө чечимди жокко чыгарат.

4. Эгерде атайын жөнгө салуу анын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аяктаса, тармактык жөнгө салуучу мөөнөтү аяктаган күнгө чейин алты айдан кечиктирбестен алардан бошотуу атайын жөнгө салуунун предмети болгон милдеттерди алып салуу максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды же болбосо колдонуудагы мыйзамдык жөнгө салууну сактап калуу жөнүндө сунушту камтыган атайын жөнгө салуунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту өзүнүн сайтында жарыялоого жана Президентке жөнөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-19)
