# 177-берене. Телекоммуникациялык тарамдардын категориялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 177-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-177

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы телекоммуникациялык тарамдар багытына жараша төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:

1) адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө жалпыга жеткиликтүү телекоммуникациялык сервистерди берүүгө арналган жалпы пайдалануудагы;

2) юридикалык жактардын бирөөсүнүн же тобунун кызыкчылыктары үчүн пайдалануучулардын чектелген чөйрөсүнө телекоммуникациялык сервистерди берүүгө арналган ички;

3) жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялык тарамдардан аларга жеткиликтүүлүксүз юридикалык жактардын бирөөсүнүн же тобунун кызыкчылыктары үчүн пайдалануучулардын чектелген чөйрөсүнө телекоммуникациялык сервистерди берүүгө арналган жабык;

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда пайдалануучулардын чектелген чөйрөсүнө телекоммуникациялык сервистерди берүүгө арналган жашыруун;

5) көрсөтүү-уктуруу сервистерин берүүгө арналган телерадиоберүүлөр.

2. Жабык жана жашыруун телекоммуникациялык тарамдарга ушул Кодекстин 176, 178, 181-184-беренелеринин колдонулушу жайылтылбайт.

3. Жашыруун телекоммуникациялык тарамдарды уюштуруу, эксплуатациялоо боюнча талаптар жана мындай тарамдарда телекоммуникациялык сервистерди берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Талаптардын аткарылышын контролдоо улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын өкмөттүк байланыш тарамы жашыруун телекоммуникациялык тарамдарга кирет.

---

Мурунку берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-176)  
Кийинки берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-178)
