# 175-берене. Телекоммуникациялык тарамдарды укуктук жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 175-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-175

---

1. Кыргыз Республикасы телекоммуникациялык тарамдарды пайдаланууну Конституциянын, ушул Кодекстин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин жана телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын чечимдеринин негизинде жөнгө салат. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, телекоммуникациялык тарамдарга тиешелүү терминдер Эл аралык электр байланыш бирлигинин документтеринде белгиленген мааниде колдонулат.

2. Телекоммуникациялык тарамдарды пайдалануу жана аларды жөнгө салуу телекоммуникациялар чөйрөсүндө жалпыга таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Кодексте белгиленген талаптарга шайкештикти тастыктоо зарыл болсо, эгерде алар ушул Кодексте белгиленген талаптарга эквиваленттүү же андан жогору талаптарга шайкештикти тастыктаса, чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык алынган документтер пайдаланылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-174)  
Кийинки берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-176)
