# 168-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык санариптик технологиялык тутумдарды түзүү жана пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 168-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-168

---

1. Улуттук экотутумдун курамында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен курулган да, келишимдик негизде да пайдаланылуучу санариптик технологиялык тутумдар жана аларды бириктирүүчү телекоммуникациялык тарамдар пайдаланылышы мүмкүн.

2. Мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдун ээси. эгерде мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутум жөнүндө эрежелер же жобо мыйзамда же ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда бекитилбесе, анын мындай эрежелерин бекитүүгө жана алардын ушул Кодекстин жоболоруна шайкештигин камсыз кылууга милдеттүү.

3. Мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдарга карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдар жөнүндө маалыматтар улуттук экотутумдун санарип реестрине киргизилет.

---

Мурунку берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-167)  
Кийинки берене: [169-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-169)
