# 163-берене. Улуттук экотутумдун архитектурасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 163-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-163

---

1. Улуттук экотутум санарип сервистерин, анын ичинде мамсервистерди берүүгө арналган. Улуттук экотутум санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин төмөнкүдөй объекттерин (улуттук экотутумдун элементтерин) түзүүнүн жана пайдалануунун жалпы эрежелерин камсыз кылат:

1) мамлекеттик (муниципалдык) санарип ресурстарын, мамсервистердин тиркемелерин жана сайттарын;

2) мамсервистерди жана ишенимдүү сервистерди;

3) мамлекеттик (муниципалдык) санариптик технологиялык тутумдарды жана алардын элементтерин;

4) мамлекеттик санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин буларга жеткиликтүүлүгү боюнча жерлерди, имараттарды, түзүлүштөрдү, курулмаларды жана башка окшош объекттерди.

2. Улуттук экотутумдун элементтерин эсепке алуу ушул Кодекске ылайык улуттук экотутумдун санарип реестринде жүргүзүлөт. Улуттук экотутумдун элементтеринин курамына улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын санариптик технологиялык тутумдарын киргизүү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча гана жүргүзүлөт.

3. Улуттук экотутумдун эрежелери ушул Кодекске ылайык белгиленет жана өзүнө төмөнкүлөрдүн эрежелерин камтыйт:

1) улуттук экотутумду өнүктүрүүнүн;

2) улуттук экотутумдун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн;

3) дайындардын булактарын түзүүнүн жана дайындарды иштеп чыгуунун;

4) мамсервистерди түзүүнүн жана аларды пайдалануунун;

5) ишенимдүү сервистердин жана санариптик идентификациялоо тутумдарынын иштешинин;

6) мамлекеттик жана муниципалдык санариптик технологиялык тутумдарды түзүүнүн жана пайдалануунун.

4. Координациялоочу орган улуттук экотутумду түзүү жана өнүктүрүү боюнча ишти координациялайт. Улуттук экотутумду өнүктүрүүнүн жүрүшүндө мамсервистерди түзүү жана аларды пайдалануу ушул Кодекстин тиешелүү главасында белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

5. Улуттук экотутумдун ээси болуп Кыргыз Республикасы саналат, анын атынан улуттук экотутумдун тармактык жөнгө салуучусу иш алып барат.

6. Улуттук экотутумдун катышуучулары болуп тармактык жөнгө салуучу аркылуу улуттук экотутумдун ээси, мамлекеттик органдар, уюштуруучулук-укуктук таризине карабастан юридикалык жактар, ошондой эле улуттук экотутумдун элементтеринин ээлери (берүүчүлөр) же аларды пайдалануучулар болуп эсептелген жеке жактар саналат.

7. Улуттук экотутумдун катышуучуларын санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо ушул Кодекстин тиешелүү главасында белгиленген эрежелер боюнча санариптик идентификациялоо тутумун пайдалануу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-162)  
Кийинки берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-164)
