# 159-берене. Мамсервистер фабрикасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 159-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-159

---

1. Мамсервистер фабрикасы мамсервистерди түзүү жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик санариптик технологиялык тутум болуп саналат.

2. Мамсервистер фабрикасы төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) мамсервистин ээсинин улуттук экотутумдун санарип дайындарынын жалпы мейкиндигине жеткиликтүүлүгүн;

2) аны пайдалануу башталганга чейин мамсервисти тестирлөөнү;

3) мамсервистин ишине мониторинг жүргүзүүнү;

4) мамсервистин башка мамсервистер жана улуттук экотутумдун алкагында санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин башка объекттери менен өз ара аракеттенүүсүн;

5) мамсервисти өнүктүрүүнү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү.

3. Мамсервистер фабрикасынын иштөө эрежелери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Эрежеде мамсервистер фабрикасы тарабынан аткарылышы камсыз кылынуучу башка иш-милдеттер каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-158)  
Кийинки берене: [160-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-160)
