# 155-берене. Мамсервистерди түзүүнүн жана пайдалануунун тармактык принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 155-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-155

---

1. Мамсервистер мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары санарип трансформациялоого жараша жалпы мамлекеттик стратегияларга жана пландарга ылайык түзүлүүгө тийиш (пропорционалдуулук принциби).

2. Мамсервистер улуттук экотутумдун элементтерине, башка мамсервистердин алкагында пайдаланылуучу санарип дайындарынын булактарына жана форматтарына негизденүүгө, ошондой эле санарип жазмаларын башка мамсервистер тарабынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жол берүүгө тийиш (шайкештик принциби).

3. Адамдын жана жарандын укуктары жана кызыкчылыктары, сервистерди пайдалануунун ыңгайлуулугу, керектөөчүлөр үчүн алардын коопсуздугу мамсервистерди түзүүдө артыкчылык болуп саналат (керектөөчүнүн кызыкчылыктары принциби).

4. Мамсервистер керектөөчүлөрдүн билимин жана мүлктүк абалын, ошондой эле жаш курагын жана дене боюнун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алар үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү болгудай долбоорлонууга жана түзүлүүгө тийиш (жеткиликтүүлүк принциби).

5. Мамсервистерди пайдалануучулар алардын ишенимдүүлүгүнө жана коопсуздугуна, ошондой эле алардын дайындары мыйзамдын негизинде жана аларга ылайык иштелип чыгуусуна негиздүү ишенүүлөрү керек (ишенимдүүлүк принциби).

6. Мамсервистер аларга негизденген кызмат көрсөтүүлөр жана иш-милдеттер санарип трансформациялоонун натыйжасында пайдалануучулар үчүн жеткиликтүү болгудай долбоорлонууга тийиш (жөнөкөйлөтүү принциби).

7. Мамсервистерди пайдалануу жөнүндө дайындар, анын ичинде пайдалануучулардын пикирлери жана даттануулары мыйзамдарга ылайык сакталууга жана мамсервистердин натыйжалуулугун баалоо жана аларды үзгүлтүксүз жакшыртуу үчүн пайдаланылууга тийиш (кайра байланыш принциби).

---

Мурунку берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-154)  
Кийинки берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-156)
