# 154-берене. Мамсервистерди түзүү жана пайдалануу боюнча укуктук мамилелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 154-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-154

---

1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын санариптик технологиялык тутумдары аркылуу көрсөтүлүүчү мамсервистерди кошпогондо, мамсервистер Улуттук санарип экотутумунун (улуттук экотутум) алкагында көрсөтүлөт.

2. Мамсервистерди түзүү жана пайдалануу эрежелери улуттук экотутумдун эрежелеринин бир бөлүгү болуп саналат жана ушул Кодексте белгиленет.

3. Мамсервистерди берүүчүлөр болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар - улуттук экотутумдун катышуучулары саналат. Берүүчүлөр мамсервистердин санариптик туруктуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

4. Мамсервистерди пайдалануучулар болуп мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюштуруучулук-укуктук тариздерине карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар (керектөөчүлөр) саналат. Пайдалануучулардын түрлөрүнө жараша төмөнкүлөр айырмаланат:

1) өз ара аракеттенүү мамсервистери, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамсервистерди берүүгө катышкан юридикалык. жактар тарабынан дайындарды иштеп чыгууга арналган мамсервистер;

2) пайдалануучунун сервистери, башкача айтканда пайдалануучулар, анын ичинде жеке жактар (керектөөчүлөр) үчүн мамсервистер.

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-155)
