# 150-берене. Санарип архивдери жана санарип архивдер сервистери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 150-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-150

---

1. Санарип архиви санариптик технологиялык тутум катары анын жардамы менен иштелип чыгуучу санарип жазмаларынын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн жана аларга карата чектелген жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Архивдик сакталууга тийиш болгон санарип жазмаларынын түрлөрү, аларды түзүүнүн жана сактоонун тартиби архив иши жөнүндө мыйзамдарда белгиленет.

2. Санарип архивдер сервисин берүүчү мыйзамдардын же пайдалануучу менен макулдашуунун негизинде санарип архивине сактоого өткөрүп берилген санарип жазмаларынын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн, ошондой эле мыйзамдарга же макулдашууга ылайык ага укуктуу болгон жактардын аларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

3. Пайдаланылуучу технологияларга жараша санарип архивдеринин түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

1) санарип жазмаларынын бүтүндүгү жана өзгөрүлбөстүгү санариптик технологиялык тутумдун каражаттары менен камсыз кылынуучу жөнөкөй санарип архивдери;

2) санарип жазмаларынын бүтүндүгү жана өзгөрүлбөстүгү квалификацияланган кол тамга каражаттары менен камсыз кылынуучу квалификацияланган санарип архивдери.

4. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери документтерди архивдик сактоо боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында санарип жазмаларынын санарип архивдерин уюштурууга, же болбосо санарип архивдер сервистерин пайдаланууга укуктуу. Санарип архивдеринин мамсервистерин түзүүнүн жана пайдалануунун эрежелери улуттук экотутумдун эрежелеринин курамдык бөлүгү болуп саналат.

5. Эгерде санарип архивинде төмөнкүлөр камсыз кылынса, санарип архивиндеги санарип жазмаларынын юридикалык маанилүүлүгү өзгөрүлбөс деп таанылат:

1) санарип жазмасы санарип архивине киргизгенден кийин анын өзгөрүлбөстүгү жана бүтүндүгү;

2) мыйзамдарга же макулдашууга ылайык буга укуктуу болгон жактардын ага жетүү мүмкүнчүлүгү;

3) аны сактоо мөөнөтүнүн ичинде санарип жазмасы менен жүргүзүлгөн иш-аракеттерди автоматтык түрдө каттоо.

6. Квалификацияланган кол тамга коюлган санарип документтери квалификацияланган санарип архивдеринде сакталышы керек, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

1) санарип документине санарип документин сактоону жүзөгө ашырган жактын квалификацияланган кол тамгасын коюу;

2) сактоого берилген санарип документине алгачкы коюлган квалификацияланган кол тамганын аныктыгын тастыктоо.

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-151)
