# 141-берене. Санарип кол тамгасын пайдаланууда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 141-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-141

---

Санарип кол тамгасын пайдаланууда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) санарип кол тамга ачкычынын купуялуулугун камсыз кылууга, анын ичинде өздөрүнө таандык санарип кол тамга ачкычтарынын алардын макулдугусуз пайдаланылышына жол бербөөгө;

2) санарип кол тамгасынын же аны түзүү үчүн зарыл болгон дайындардын санкцияланбаган пайдаланылышына жол бербөө үчүн акылга сыярлык сактыкты көрсөтүүгө;

3) кол тамга ачкычынын купуялуулугу бузулгандыгы жөнүндө маалымат алынган күндөн кийин токтоосуз, бирок 1 жумуш күндөн кечиктирбестен мындай бузуу жөнүндө кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификатын берген ырастоочу борборго жана укуктук мамилелердин башка катышуучуларына билдирүүгө;

4) санарип кол тамга ачкычынын купуялуулугу бузулду деп эсептөөгө негиздер болгондо аны колдонбоого;

5) квалификацияланган кол тамга коюлган санарип документтери менен алмашууну жүзөгө ашыруу үчүн ушул Кодекске ылайык белгиленген талаптарга шайкештигинин тастыктамасын алган санарип кол тамга каражаттарын пайдаланууга:

6) санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатын пайдалануу үчүн зарыл болгон дайындардын тактыгын жана өз убагында актуалдаштырылышын камсыз кылууга;

7) санарип кол тамгасынын аныктыгын текшерүү үчүн жөндүү чараларды көрүүгө.

---

Мурунку берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-140)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-142)
