# 14-берене. Телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону токтотуп туруу жана кайра улантуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 14-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-14

---

1. Ушул Кодекстин 13-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурда телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону жана телекоммуникациялык сервистерди берүүнү токтотуп туруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде телекоммуникациялардын операторлору тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Телекоммуникациялардын операторлору, эгерде анын эл аралык идентификациялык коду (IMEI) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Уюлдук түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун "Кара тизмесине" киргизилген болсо, өзүнүн телекоммуникациялык тарамына жеткиликтүүлүк берүүгө укуксуз жана уюлдук түзүлмөлөрдүн тиешелүү телекоммуникациялык сервистерди пайдалануусунун мүмкүн эместигин камсыз кылууга милдеттүү.

3. Телекоммуникациялардын операторлору соттун чечиминин же телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону же телекоммуникациялык сервистерди берүүнү токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону жана телекоммуникациялык сервистерди берүүнү кайра улантууга милдеттүү.

4. Министрлер Кабинети анын ишин мындай токтотуп туруунун натыйжасында телекоммуникациялардын оператору тарткан чыгымдарды өзү белгилеген тартипте компенсациялайт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-15)
