Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-берене. Телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону токтотуп туруу жана кайра улантуу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 2-глава
1. Ушул Кодекстин 13-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурда телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону жана телекоммуникациялык сервистерди берүүнү токтотуп туруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде телекоммуникациялардын операторлору тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Телекоммуникациялардын операторлору, эгерде анын эл аралык идентификациялык коду (IMEI) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Уюлдук түзүлмөлөрдү идентификациялоонун мамлекеттик тутумунун "Кара тизмесине" киргизилген болсо, өзүнүн телекоммуникациялык тарамына жеткиликтүүлүк берүүгө укуксуз жана уюлдук түзүлмөлөрдүн тиешелүү телекоммуникациялык сервистерди пайдалануусунун мүмкүн эместигин камсыз кылууга милдеттүү.
3. Телекоммуникациялардын операторлору соттун чечиминин же телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону же телекоммуникациялык сервистерди берүүнү токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоону жана телекоммуникациялык сервистерди берүүнү кайра улантууга милдеттүү.
4. Министрлер Кабинети анын ишин мындай токтотуп туруунун натыйжасында телекоммуникациялардын оператору тарткан чыгымдарды өзү белгилеген тартипте компенсациялайт.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029914/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>