# 137-берене. Ишенимдүү сервистерди пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуунун тармактык принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 137-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-137

---

1. Эгерде ишенимдүү сервистин конкреттүү түрүн пайдалануу жөнүндө талап аларды пайдалануунун максаттарына ылайык мыйзамдарда же болбосо санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин макулдашуусунда каралбаса, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери өз ыктыяры боюнча кандай болбосун ишенимдүү сервисти пайдаланууга укуктуу.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери санарип кол тамгаларына, санарип архивдерине же башка ишенимдүү сервистерге карата ушул Кодекстин талаптарын аткарууга мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун технологияны жана (же) технологиялык тутумду пайдаланууга укуктуу.

3. Мыйзам актыларында жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген санарип кол тамгасынын же санарип архивинин конкреттүү түрүн пайдаланууга карата талаптар аларды пайдалануунун максаттарына шайкеш келиши керек.

4. Өзгөрүлбөстүгү санарип кол тамгасы менен камсыз кылынган санарип кол тамгасы жана (же) санарип жазмасы санарип кол тамгасы өз колу менен коюлган кол тамга болуп саналбагандыгынын же документ санарип архивинде сакталгандыгынын негизинде эле юридикалык күчкө ээ эмес катары таанылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-136)  
Кийинки берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-138)
