# 136-берене. Санарип кол тамгалар жана санарип архивдер сервистери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 136-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-136

---

1. Санарип кол тамгалар сервистери жана санарип архивдер сервистери санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин келип чыгышын, өзгөрүшүн, токтотулушун ырастоого багытталган ишенимдүү санарип сервистерине кирет.

2. Санарип кол тамгалары менен иштөө үчүн алардын берүүчүсү жана пайдалануучулары шифрлөөчү (криптографиялык) санариптик технологиялык тутумдарды билдирген санарип кол тамга каражаттарын колдонушат.

3. Санарип архивдери санарип кол тамгасын камтыган санарип жазмаларын мындай кол тамгалар менен иштөө үчүн зарыл болгон санарип кол тамга каражаттары менен бирге сактайт.

---

Мурунку берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-135)  
Кийинки берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-137)
