# 135-берене. Ишенимдүү сервистерди укуктук жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 135-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-135

---

1. Санарип кол тамгаларын жана санарип архивдерин пайдалануу боюнча мамилелер ушул Кодекс жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

2. Санарип экотутумунда санарип кол тамгасын пайдалануунун тартиби ушул тутумдун ээси тарабынан же санарип экотутумунда санариптик өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын макулдашуусунда белгиленет.

3. Аткаруучу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу санарип кол тамгасынын түрлөрү, ошондой эле мындай санарип кол тамгаларынын шайкештигин камсыз кылуу боюнча талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамилелердин төмөнкүдөй түрлөрүндө ишенимдүү сервистерди пайдалануунун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн:

1) шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү;

2) жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо;

3) мамсервистерди берүү;

4) төлөмдөрдү жана банктык операцияларды жүзөгө ашыруу;

5) бухгалтердик жана салыктык эсептерди жүргүзүү.

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-136)
