Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
134-берене. Телекоммуникациялык сервистерди өзгөчө шарттарда берүү
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 16-глава
1. Телекоммуникациялык сервистер төмөнкүдөй учурларда кабарламаларды берүү үчүн артыкчылыктуу тартипте пайдаланылат:
1) адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаралганда;
2) өзгөчө кырдаалдарда жана авариялык-куткаруу жумуштарында;
2. Мамлекеттик башкаруунун, улуттук коопсуздуктун, коргонуунун жана укук тартибин коргоонун муктаждыктары жана башка ушул сыяктуу максаттар үчүн кабарламаларды таратуунун шарттары мыйзамда белгиленет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган кабарламаларды берүү, ошондой эле шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу телекоммуникациялардын операторлору тарабынан акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
4. Телекоммуникациялардын оператору шашылыш ыкчам кызматтардын (өрттөн куткаруу кызматынын, коомдук тартипти сактоо кызматынын, медициналык тез жардам, куткаруу кызматынын) диспетчерлерине окуя жөнүндө чакыруулар же кабар берүү жүзөгө ашырылган пайдалануучулук жабдууларынын (бүткөн жабдуулардын) мейкиндиктик дайындарын жана окуя жөнүндө чакыруу же кабарлама боюнча чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка дайындарды берүүгө милдеттүү.
5. Министрлер Кабинети телекоммуникациялардын улуттук операторлорун аныктайт, алар:
1) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген, жүктөлгөн милдеттенмелерге жана укуктарга ылайык санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери менен иштөөнүн жана өз ара аракеттенүүнүн өзгөчө тартибин аткарат;
2) колдонуудагы телекоммуникациялык инфратүзүмдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат, өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргоо, укук тартибин сактоо максаттары үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен телекоммуникациялык жабдуулардын жана материалдардын зарыл резервин түзөт жана кармап турат;
3) телекоммуникациялык сервистерди Кыргыз Республикасынын бардык аймактары боюнча, анын ичинде жетүүгө кыйын болгон жана калк аз жашаган жерлерде телекоммуникациялык сервистердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик социалдык долбоорлорду итке ашыруу максаттары үчүн көрсөтөт;
4) мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргонуу, укук тартибин коргоо максаттары үчүн жана өзгөчө кырдаалдарда телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун алдын ала уруксатысыз телекоммуникациялык тарамдардын ишин же телекоммуникациялык сервистерди берүүнү токтотуп турууга жана үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Улуттук телекоммуникация операторлорунун санариптик чөйрөдөгү укуктук мамилелердин субъекттери менен иштөө жана өз ара аракеттенүү ТАРТИБИПорядок · 13.02.2026 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын улуттук телекоммуникация операторлору жөнүндө" токтомуПостановление · 13.02.2026 · № 104
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз…Постановление · 23.01.2026 · № 25
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029914/st-134" title="134-берене - Кыргыз Республикасынын (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>