# 130-берене. Телекоммуникациялык сервистин жардамы аркылуу берилүүчү санарип дайындарынын купуя сырын сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 130-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-130

---

1. Кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, ошондой эле телекоммуникациялык сервистин жардамы менен берилүүчү башка кабарламалардын купуялыгы Конституция жана ушул Кодекс менен корголот.

2. Мындай купуя сырды түзгөн дайындарга жеткиликтүүлүк мындай дайындарды (кабарламаларды) жөнөтүүчүлөр жана алуучулар тарабынан. ошондой эле техникалык мүмкүнчүлүктөр болгон учурда телекоммуникациялык тарамдын иштешине жана пайдаланууга жана (же) телекоммуникациялык сервистерди берүүгө тартылган жактар тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

Башка жактардын мындай купуя сырды түзгөн дайындарга жеткиликтүүлүгүнө мыйзамга ылайык жана соттун актысынын негизинде гана жол берилет. Дайындарга жеткиликтүүлүк ар бир пайдалануучуга карата өзүнчө чыгарылган соттук актынын негизинде жана мындай актыда көрсөтүлгөн мөөнөткө берилет.

3. Телекоммуникациялык сервистерди пайдалануу менен берилген дайындарды алуу, өзгөртүү же башкача иштеп чыгуу максатында телекоммуникациялык сервистерге санкцияланбаган кошулууга жана башка кийлигишүүгө тыюу салынат.

4. Эгерде телекоммуникациялык сервис дайындарга карата жалпыга жеткиликтүүлүктү берүү (атап айтканда, сайтта берүүдө же жайгаштырууда) максатында пайдаланылса, мындай дайындар кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, ошондой эле телекоммуникациялык сервистин жардамы менен берилүүчү башка кабарламалардын купуялыгына кирбейт.

---

Мурунку берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-129)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-131)
