# 13-берене. Мамлекеттик башкаруунун максаттары үчүн телекоммуникациялык тарамдарды жана курулмаларды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 13-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-13

---

1. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу, ички, жабык жана жашыруундалган телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоочу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан телекоммуникациялардын операторлору мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргоо, укуктук тартипти сактоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда телекоммуникациялык тарамдардын жана курулмалардын берилишин камсыз кылууга милдеттүү.

2. Өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу зарыл болгон телекоммуникациялык сервистердин берилишин камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу өзгөчө же каатчылык кырдаал түзүлгөн аймакта телекоммуникациялык тарамдарды эксплуатациялоо жана телекоммуникациялык сервистерди толук же жарым-жартылай берүү үчүн өзгөчө убактылуу органдарды түзүшү мүмкүн.

3. Министрлер Кабинети мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргоо. укук тартипти сактоо кызыкчылыгында жака өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсыктар, карантин ж.б.) телекоммуникациялык сервистерди жана курулмаларды пайдаланышы мүмкүн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар телекоммуникациялык тарамдарды жана курулмаларды эксплуатациялоого же эксплуатациялоону токтотуп турууга артыкчылыктуу укукту аталган өзгөчө жагдайларда гана пайдалана алышат.

4. Өкмөттүк тарам улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан уюштурулат жана берилет. Өкмөттүк тарам бул тарам боюнча берилүүчү маалыматтын корголушун камсыз кылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-14)
