# 128-берене. Телекоммуникациялык сервистерди укуктук жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 128-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-128

---

1. Кыргыз Республикасы телекоммуникациялык сервистерди Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жана эл аралык уюмдардын чечимдеринин негизинде жөнгө салат. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, телекоммуникациялык сервистерге тиешелүү терминдер Эл аралык электр байланыш бирлигинин документтеринде белгиленген мааниде колдонулат.

2. Телекоммуникациялык сервистерди берүү жана аларды жөнгө салуу телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ушул Кодексте белгиленген талаптарга шайкештикти тастыктоо талап кылынса, алар ушул Кодексте белгиленген талаптарга эквиваленттүү же андан жогору болгон талаптарга шайкештикти тастыктаган учурда чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык алынган документтер пайдаланылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-127)  
Кийинки берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-129)
