# 123-берене. Санарип сервистерин медициналык-санитардык жардам көрсөтүү максаттары үчүн пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 123-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-123

---

1. Мыйзамдарда түздөн-түз тыюу салынган учурларды кошпогондо, санарип сервистери медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында төмөнкүдөй максаттарда пайдаланылышы мүмкүн:

1) консультацияларды өткөрүү;

2) бейтаптын абалына мониторинг жүргүзүү;

3) медициналык кызматкерлердин ортосунда тажрыйба алмашуу жана өз ара консультациялар;

4) медициналык кызматкерлерди окутууларды өткөрүү;

5) санитардык-гигиеналык, санитардык-эпидемияга каршы режимдерди сактоо.

2. Эгерде санарип жазмалары санарип сервистеринин алкагында түзүлсө, алар медициналык-санитардык жардамдарды көрсөтүүдө эске алынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-124)
