# 12-берене. Санарип чөйрөсүндөгү кесипкөй иштин эрежелери жана стандарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 12-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-12

---

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин кесиптик бирикмелери алардын катышуучулары үчүн милдеттүү болгон регламентти бекитүүгө укуктуу. Регламент өзүнө бирикменин катышуучуларынын кесиптик ишинин ушул Кодекске карама-каршы келбеген эрежелерин жана стандарттарын камтышы мүмкүн.

2. Кесиптик бирикмелер өзүнүн катышуучуларынын мындай регламенттерди сактоосун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Мындай кесиптик бирикмелерге мүчөлүк, милдеттүү регламенттердин сакталышын көзөмөлдөөнүн натыйжалары жана жол берилген бузуулар, ошондой эле мындай бузууларды четтетүү жөнүндө маалыматтар жалпыга жеткиликтүү маалымат болуп саналат. Бул маалыматтар кесиптик бирикмелер тарабынан алардын сайттарында жарыяланышы керек.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-13)
