# 112-берене. Санарип сервистерин укуктук жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 112-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-112

---

1. Санарип сервистери пайдалануучуларга мындай сервистерди берүүчүлөр тарабынан белгиленген эрежелер боюнча ушул Кодексте каралган милдеттүү талаптарды сактоо менен берилет.

2. Берүүчүлөрү тарабынан белгиленген санарип сервистеринин эрежелери пайдалануучуларды санариптик идентификациялоо жана санариптик аутентификациялоо технологияларын же ыкмаларын жана алардын өздөрүнүн дайындарына жеткиликтүүлүгүн тандоодо жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алууга милдеттүү.

3. Санариптик бакубаттуулук сервистерин, телекоммуникациялык сервистерди. ишенимдүү сервистерди жана мамсервистерди берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуу ушул Кодекстин тиешелүү главаларында белгиленген кошумча талаптарды жана чектөөлөрдү эске алуу менен ушул главанын эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат. Мындай укуктук мамилелердин субъекттери ушул главада каралган бардык укуктарды пайдаланат жана алар менен байланышкан милдеттерди аткарат.

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-113)
