# 109-берене. Номерлештирүүнүн санарип реестри

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 109-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-109

---

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Номерлештирүүнүн улуттук планына киргизилген номерлештирүүнү бөлүштүрүүгө өзгөчө укук Кыргыз Республикасына таандык. Номерлештирүүнүн диапазондорун бөлүп берүүнүн натыйжасында алынган номерлештирүүнү пайдалануу укугунун таандыктыгы жөнүндө санарип жазмалары номерлештирүүнүн реестрин түзөт.

2. Номерлештирүүнү пайдалануу укугу номерлештирүүнүн реестринде тиешелүү жазма түзүлгөн же ага ушул Кодексте каралган тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып пайда болот, өзгөртүлөт же токтотулат.

3. Номерлештирүүнүн санарип реестринин ээси номерлештирүүнүн санарип реестриндеги дайындардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылат жана бул максаттарда башка мамлекеттик санарип ресурстарынын ээлери менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

4. Номерлештирүүнүн санарип реестриндеги санарип жазмалары жалпыга жеткиликтүү болуп саналат. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу санарип өз ара аракеттенүү тутуму, ошондой эле мамсервистердин тиркемеси жана сайты аркылуу номерлештирүүнүн санарип реестрине жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-110)
