# 107-берене. Радио жыштык спектрин пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 107-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-107

---

1. Кыргыз Республикасында радио жыштык спектрин пайдалануу санарип радио жыштык реестриндеги жазмалардын параметрлерине ылайык жазмалардын принципалдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Жазмалардын принципалдары жыштыктардын санын жана пайдаланылуучу радио жыштык спектринин кеңдигин радио жыштык спектрин пайдалануу максаттарына жетүү үчүн талап кылынуучу минимумга чейин чектөөгө милдеттүү.

3. Кырсык жөнүндө сигналдарга абсолюттук артыкчылык берилүүгө тийиш, бардык мындай дайындарга токтоосуз жооп берилиши жана кечиктирилбестен талап кылынган чаралар көрүлүшү керек. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери жалган жана жаңылышууларга алып келүүчү кырсыктардын, шашылыштыктын, коопсуздуктун же таануу сигналдарынын таралышын болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө жана зарыл болгон учурда мындай сигналдардын булактары жайгашкан жерлерди аныктоодо санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин башка субъекттери менен кызматташууга тийиш.

4. Радио жыштык спектрин улуттук коопсуздук жана коргоо кызыкчылыгында пайдалануу тартиби Президент тарабынан аныкталат. Радио жыштык спектрин көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланууда төмөнкүлөр сакталууга тийиш:

1) ушул берененин 3-бөлүгүнүн кырсык сигналдары жана жолтоолорду болтурбоо үчүн чараларды көрүү тууралуу жоболору;

2) Эл аралык электр байланыш бирлигинин Радио байланыш регламентинин жоболору.

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-106)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-108)
