# 106-берене. Радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн төлөм

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 106-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-106

---

1. Радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн жазмалардын принципалдары жыл сайын Министрлер Кабинети белгилеген усулдук боюнча эсептелүүчү төлөмдү төлөөгө милдеттүү. Радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн төлөм төлөө жазмалардын принципалдарын төмөнкүлөргө шыктандырууга тийиш:

1) радио жыштык спектрин натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууга;

2) жаңы санарип технологияларын киргизүүгө.

2. Төлөмдү эсептөө усулдугу түздөн-түз же кыйыр түрдө төмөнкүдөй факторлорду эсепке алат:

1) радиоэлектрондук каражаттын жайгашкан жерин же билдирилген пайдалануу аймагын;

2) калктын жыштыгын;

3) радио жыштыктын пайдаланылуучу тилкесинин кеңдигин же радио жыштыктардын номиналын;

4) өзүнө коммерциялык бааны жана социалдык факторду камтыган салмактык коэффициентти;

5) эсептик көрсөткүчтү;

6) радио жыштыктардын номиналын же тилкесин пайдалануунун натыйжалуулук коэффициентин.

3. Жыштыктардын жаңы тилкелери бөлүнүп берилген же бөлүнүп берилген жыштыктардын тилкелеринин чегинде эксплуатацияланып жаткан тарамдын радиоэлектрондук каражаттарды алмаштырууну талап кылган, радио жыштык спектрин пайдаланган жаңы технологиялар колдонулган учурларда, ар жылдык төлөмдү эсептөөдө телекоммуникациялык тарамды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон убакытты (үч жылдан ашпаган) эсепке алуучу кошумча төмөндөтүүчү коэффициент колдонулат.

4. Радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн төлөм республикалык бюджетке багытталат жана телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун ишин каржылоонун көлөмүн аныктоодо эске алынат.

5. Жазмалардын принципалдары радио жыштыктардын белгилүү тилкелери төмөнкүлөр үчүн гана пайдаланылган учурда алар үчүн төлөм төлөөдөн бошотулат:

1) радио сүйүүчүлөр кызматы жана радио сүйүүчүлөрдүн спутниктик кызматы;

2) мыйзамдарга ылайык аларга жүктөлгөн коомдук милдеттенмелерди аткаруу.

6. Ушул Кодекстин 104-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бөлүнүп берилген радио жыштыктардын алкагында жыштык ыйгарууларды пайдалануу үчүн төлөм алынбайт.

---

Мурунку берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-107)
