# 10-берене. Эксперттик кеңештер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 Кыргыз Республикасынын Санарип Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-48/edition/35412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029914/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 10-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-10

---

1. Тармактык жөнгө салуучу эксперттик кеңеш түзүүгө укуктуу.

Эксперттик кеңеш - бул санарип чөйрөсүн жөнгө салуу принциптерин өнүктүрүү жана сактоо маселелери боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды даярдоо үчүн тийиштүү жөнгө салуу тармагындагы эксперттик, илимий чөйрөлөрдүн, кесиптик чөйрөнүн өкүлдөрүнөн коомдук башталышта түзүлгөн консультативдик-кеңешүүчү орган. Тармактык жөнгө салуучунун эксперттик кеңешти чакыруу жөнүндө чечими эксперттик кеңештин иши башталуучу мөөнөттү жана анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн көрсөтүү менен тармактык жөнгө салуучунун сайтында жарыяланууга тийиш.

2. Эксперттик кеңеш жана айрым эксперттер тармактык жөнгө салуучунун ишине кийлигишүүгө укуксуз, текшерүүлөрдү жүргүзүүгө же санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл алууга катыша албайт.

3. Эксперттик кеңештин ишинин регламенти, анын ичинде аны түзүүнүн жол-жоболору тармактык жөнгө салуучу тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029914/st-11)
