# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 26-майындагы № 280 "Кыргыз Республикасынын аймагында аары өстүрүү, бал өндүрүү жана аарычылыкты уюштуруу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 26-майындагы № 280 "Кыргыз Республикасынын аймагында аары өстүрүү, бал өндүрүү жана аарычылыкты уюштуруу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 280
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029911>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43450/edition/35413/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029911.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 26-майындагы № 280 "Кыргыз Республикасынын аймагында аары өстүрүү, бал өндүрүү жана аарычылыкты уюштуруу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтому (26.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029911

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 26-майы № 280

Кыргыз Республикасынын аймагында аары өстүрүү, бал өндүрүү жана аарычылыкты уюштуруу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө

Аарычылык тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча талаптарды белгилөө, аарычылык чарбаларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, аарычылык продукциясынын сапатын жакшыртуу жана өндүрүү көлөмдөрүн андан ары көбөйтүү, тармактын экспорттук потенциалын кеңейтүү максатында, "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 13-статьяларына, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында аары өстүрүү жана аарычылыкты уюштуруу эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

2) Накта бал жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 27-майындагы № 38 (3694) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
