# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрели № 204 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу бөлүгүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрели № 204 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу бөлүгүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 204
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029902>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43441/edition/35397/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029902.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-апрели № 204 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу бөлүгүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (02.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029902

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 15-апрели № 204

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу бөлүгүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 265 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 5-пунктун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 4-пунктта:

биринчи абзацта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пунктчада "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 550 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
