# 7-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлунун № 180 "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5605/edition/35396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029901/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 7-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-7

---

"Виртуалдык активдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жьшдын 28-январы, № 12) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-беренеде:

а) 1-бөлүктүн 13 жана 14-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат.";

2) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14-берене. Майнерлердин санарип реестри Майнерлердин санарип реестри (мындан ары - Реестр) - майнерлерди каттоону жана тиешелүү сертификаттын берилгендигин тастыктаган жазмалардан турган санарип ресурсу, ага жеткиликтүүлүк Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык мамлекеттик санарип сервистеринин тиркемелери жана сайты аркылуу жүзөгө ашырылат. Майнингди жүзөгө ашырууга укук Реестрде тиешелүү жазма түзүлгөн же ага өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып пайда болот, өзгөртүлөт же токтотулат. Реестрдин ээси андагы дайындардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыздайт. Майнерлерди каттоо тартиби жана сертификатты кагаз жүзүндөгү алып жүрүүчүдөгү документ же санарип документи түрүндө берүү тартиби виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.".

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-8)
