# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлунун № 180 "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5605/edition/35396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029901/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 6-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-6

---

"Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 28-декабры, № 155) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул Мыйзамда колдонулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын санарип жана башка тармактарындагы институттар, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат.";

б) 2-бөлүктүн 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 15-беренеде:

а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15-берене. Коопсуздукту жана санарип туруктулугун камсыз кылуу боюнча талаптар";

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Электрондук сооданын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген талаптарга ылайык электрондук соода чөйрөсүндө санарип туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.".

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-7)
