# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлунун № 180 "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5605/edition/35396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029901/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-3

---

"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Ушул Мыйзамдагы башка терминдер Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде берилген маанилерде колдонулат.";

2) 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23-статья. Калктын реестринин мазмуну Калктын реестри Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке дайындарынан турат. Жарандардын жеке дайындарынын мазмуну калк жөнүндө мамлекеттик маалыматтык ресурстардын негизин түзөт. Калктын реестринде иштелип чыгуучу жеке дайындардын тизмеги иштеп чыгуунун максаттарын, негиздерин, принциптерин жана Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген талаптарды эске алуу менен анын ээси тарабынан аныкталат.".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-4)
