# 2284-берене. Санарип укуктарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлунун № 180 "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-2284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5605/edition/35396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029901/st-2284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2284-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-2284

---

1. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъектинин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган санарип укуктарын мыйзамсыз чектөө, ага тете санарип укуктарынын ээси тарабынан белгиленген санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектине жетүү шарттарын бузуу -

жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъектинин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, санарип укуктарынын ээси тарабынан санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектине жетүү шарттарын мыйзамсыз белгилөө -

жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [2283-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-2283)  
Кийинки берене: [2285-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-2285)
