# 2283-берене. Дайындардын принципалдарынын укуктарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлунун № 180 "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-2283>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5605/edition/35396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029901/st-2283.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2283-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-2283

---

1. Дайындардын принципалына анын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, ага тийиштүү болгон санарип дайындарын иштеп чыгуу жөнүндө маалыматтарды же аларга жеткиликтүүлүктү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган көлөмдө берүүдөн баш тартуу -

жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Дайындардын принципалынын анын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, ага тийиштүү болгон санарип жазмаларын оңдоо же толуктоо суроо-талабын аткарбоо -

жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Жеке дайындардын субъектинин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, жеке дайындардын субъектинин мындай дайындарды өчүрүү суроо-талабын аткарбоо, ага тете аларды иштеп чыгууга каршы пикир алынганда Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган чараларды көрбөө -

жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [2282-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-2282)  
Кийинки берене: [2284-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-2284)
