2283-берене. Дайындардын принципалдарынын укуктарын бузуу
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы
1. Дайындардын принципалына анын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, ага тийиштүү болгон санарип дайындарын иштеп чыгуу жөнүндө маалыматтарды же аларга жеткиликтүүлүктү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган көлөмдө берүүдөн баш тартуу -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Дайындардын принципалынын анын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, ага тийиштүү болгон санарип жазмаларын оңдоо же толуктоо суроо-талабын аткарбоо -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Жеке дайындардын субъектинин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келген, жеке дайындардын субъектинин мындай дайындарды өчүрүү суроо-талабын аткарбоо, ага тете аларды иштеп чыгууга каршы пикир алынганда Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган чараларды көрбөө -
жеке жактарга 20 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2283-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029901/st-2283" title="2283-берене - Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>