# 22810-берене. Жасалма интеллект тутумун мыйзамсыз долбоорлоо, иштеп чыгуу же колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлунун № 180 "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-22810>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5605/edition/35396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029901/st-22810.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 22810-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-22810

---

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган корголуучу байлыктарга максаттуу жана билип туруп мыйзамсыз зыян келтирүү үчүн жасалма интеллект тутумун долбоорлоо, иштеп чыгуу же колдонуу - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

4) 43-главанын аталышында "жана байланыш" деген сөздөр ", телекоммуникация жана почта байланышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 408-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 409-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"409-берене. Почта байланышы чөйрөсүндөгү иштин эрежелерин бузуу Почта байланышы чөйрөсүндөгү иштин эрежелерин бузуу - юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

7) 412 жана 413-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"412-берене. Номерлештирүү ресурстарын жана радио жыштыктарды укук ченемсиз пайдалануу Номерлештирүүнү жана радио жыштыктарды аларды бөлүп берүү же ыйгаруу жөнүндө чечимде аныкталган шарттарды бузуу менен пайдалануу, ага тете белгиленген тартипте бөлүнүп берилбеген (ыйгарылбаган) номерлештирүүнү же радио жыштыктарды пайдалануу - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга - 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [2289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-2289)  
Кийинки берене: [413-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-413)
