# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлунун № 180 "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5605/edition/35396/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029901/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 26-главанын аталышында "Маалыматтык коопсуздук" деген сөздөр "Киберкоопсуздук" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 228-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"228-берене. Корголуучу санарип жазмаларына укук ченемсиз жетүү Башканын корголуучу санарип жазмаларына, санарип дайындарына, маалыматтарына жана санарип документтерине укук ченемсиз жетүү, аларды жок кылуу, бөгөт коюу, модификациялоо, көчүрүү же аларга жеткиликтүүлүк мыйзам менен чектелген маалыматтарды жайылтуу менен коштолсо, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

3) төмөнкүдөй мазмундагы 261-глава менен толукталсын:

"261-глава. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарына зыян келтирүүчү бузуулар

---

Кийинки берене: [2282-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901/st-2282)
