1-берене
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 26-главанын аталышында "Маалыматтык коопсуздук" деген сөздөр "Киберкоопсуздук" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 228-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"228-берене. Корголуучу санарип жазмаларына укук ченемсиз жетүү Башканын корголуучу санарип жазмаларына, санарип дайындарына, маалыматтарына жана санарип документтерине укук ченемсиз жетүү, аларды жок кылуу, бөгөт коюу, модификациялоо, көчүрүү же аларга жеткиликтүүлүк мыйзам менен чектелген маалыматтарды жайылтуу менен коштолсо, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 261-глава менен толукталсын:
"261-глава. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктарына зыян келтирүүчү бузуулар
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029901/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>