# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 “Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 “Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 470
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43439/edition/35399/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029900.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 “Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому (05.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029900

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 5-августундагы № 470

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 “Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 “Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) расмий тилдеги аталышындагы жана 1-пункттагы “военнослужащим” деген сөз “военнослужащим,” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

– расмий тилдеги аталышындагы “военнослужащим” деген сөз “военнослужащим,” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:

“– аскердик прокуратура органдарынын прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн прокуратура органдарында иштеген, ошондой эле аларды аскердик кызматта же прокуратура органдарынын кадрларынын карамагында калтыруу менен мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын аппараттарында иштеген мезгили.”;

– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

“– юстиция органдарында юриспруденция адистиги боюнча мамлекеттик кызматчы катары иштеген мезгили.”;

– 3-пункттун “г” пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы кырк алтынчы абзац менен толукталсын:

“– жазык-аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн прокуратура органдарында кызматта – 2006-жылдын 19-июнунан тартып.”.

2. Бул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасынын алтынчы жана сегизинчи абзацтарында каралган негиздер боюнча пенсия алууга укугу бар прокурорлорго жана прокуратура органдарынын тергөөчүлөрүнө пенсиялар жана кошумча төлөмдөр 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып төлөнөт деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-августунда № 60 (3716) жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
