# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 179
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029899/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5604/edition/35394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029899/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 4-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029899/st-4

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана ушул берененин расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 2-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) алты айлык мөөнөттө:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун киргизсин;

2) эки айлык мөөнөттө тармактык жөнгө салуучулардын, иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иш-милдеттери жүктөлүүчү мамлекеттик органдарды аныктасын;

3) 2026-жылдын 1-июнуна карата Улуттук санарип экотутумунун түзүлүшүн жана мамлекеттик сервистердин ишке киргизилишин камсыз кылсын.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августунда № 58 (3714) жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 18-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899/st-3)
