Кыргыз Республикасынын «2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (№ 55372), Европа Бирлигинин гранттык макулдашуусун (№ 55372) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун гранттык макулдашуусун (№ 55372) ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 30-июлу № 173
2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну (№ 55372), Европа Бирлигинин гранттык макулдашуусун (№ 55372) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун гранттык макулдашуусун (№ 55372) ратификациялоо жөнүндө
1-берене. 2025-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чүй облусунда суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу (№ 55372), Европа Бирлигинин гранттык макулдашуусу (№ 55372) жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фондунун гранттык макулдашуусу (№ 55372) ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августунда № 58 (3714) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 26-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.