# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 3186-VII "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү үчүн Каримов Акыйкат Бакказовичти шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 3186-VII "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү үчүн Каримов Акыйкат Бакказовичти шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3186-VII
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029874>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16527/edition/35362/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029874.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 3186-VII "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү үчүн Каримов Акыйкат Бакказовичти шайлоо жөнүндө" токтому (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029874

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-июну № 3186-VII

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү үчүн Каримов Акыйкат Бакказовичти шайлоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 122-беренесинин 8-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Каримов Акыйкат Бакказович Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитүү үчүн шайлансын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев
