Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-августу № 467
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
Мыйзамдарды системалаштыруу, ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
– 2-пунктта мамлекеттик тилде “өрт” деген сөз “, өрт” деген сөздөргө алмаштырылсын;
− 11-пункттун 2-пунктчасында: он тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “− корутунду берүү менен долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзөт;”; отуз алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “– Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, монтаждоо, жөндөө жана оңдоо, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүү, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүү, ошондой эле өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат;”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жободо:
– 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
“101. ӨККнын кызматкерлери айырмалоо белгилери менен бекитилген үлгүдөгү ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу.”;
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– ӨККнын кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын белгиленген тартипте колдонот.”.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 8-августундагы № 59 (3715) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Положение · 15.11.2021 · № 262
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген)Положение · 15.11.2021 · № 262
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2025 · № 813
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.12.2015 · № 829 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 262
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2025 · № 813