# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы № 465 "Кызматкердин эмгектик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага мертинүүнүн, кесиптик оорунун, ден соолугуна башка зыян келтирүүнүн натыйжасында ал майып болгон же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы № 465 "Кызматкердин эмгектик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага мертинүүнүн, кесиптик оорунун, ден соолугуна башка зыян келтирүүнүн натыйжасында ал майып болгон же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 465
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029797>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43388/edition/35272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029797.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы № 465 "Кызматкердин эмгектик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага мертинүүнүн, кесиптик оорунун, ден соолугуна башка зыян келтирүүнүн натыйжасында ал майып болгон же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029797

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 4-августу № 465

Кызматкердин эмгектик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага мертинүүнүн, кесиптик оорунун, ден соолугуна башка зыян келтирүүнүн натыйжасында ал майып болгон же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 219-беренесине, “Эмгекти коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кызматкердин эмгектик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага мертинүүнүн, кесиптик оорунун, ден соолугуна башка зыян келтирүүнүн натыйжасында ал майып болгон же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери бөлүгүндө ишке ашыруу тиешелүү жылдарга бекитилген республикалык бюджеттин алкагында жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 28-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-августунда № 60 (3716) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
