# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 431
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029795>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43384/edition/35271/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029795.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029795

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-июлу № 431

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдары үчүн бирдей шарттарды түзүү, билим берүү чөйрөсүндө атаандаштыкты чектөөгө жол бербөө максатында жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жободо:

- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Ушул Жобонун 7-пунктунун талаптары алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарды медициналык адистиктер боюнча окутуп жаткан бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү.";

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Чет өлкөлүк студенттер үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин прейскуранты өзүнчө иштелип чыгат жана ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык бекитилет. Медициналык адистиктер боюнча жогорку окуу жайларында окуп жаткан алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандар үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин өлчөмү ушул Жобого ылайык белгиленген минималдуу өлчөмдөн төмөн болбошу керек. Медициналык адистиктер боюнча жогорку окуу жайларында окуп жаткан алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандар үчүн билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин минималдуу өлчөмү ушул Жобонун тиркемесинде белгиленген тартипте аныкталат.";

- жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

"Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобого тиркеме

Медициналык адистиктер боюнча жогорку окуу жайларында окуп жаткан алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарга көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтердин минималдуу өлчөмүн аныктоо ТАРТИБИ

Медициналык адистиктер боюнча жогорку окуу жайларында окуп жаткан алыскы чет өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк жарандарга көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтердин минималдуу өлчөмү бир студентке төмөнкүдөй аныкталат:

ПМӨ = Эк 2111 \* МБС + Эк 2121 \* МБС + Эк 2211 \* МБС + Эк 2212 \* МБС + Эк 2213 \* МБС + Эк 2214 \* МБС + Эк 2215 \* МБС + Эк 2217 \* МБС + Эк 2218 \* МБС + Эк 2221 \* МБС + Эк 2222 \* МБС + Эк 2231 \* МБС + Эк 3111 \* МБС + Эк 3112 \* МБС,

мында: ПМӨ - бир студентке тарифтердин прейскурантынын минималдуу өлчөмү; Эк - төмөнкүлөр боюнча (үчүн) бир студентке орточо чыгымды аныктоодо эселөө коэффициенти: Эк 2111 - эмгек акы (21,143); Эк 2121 - Соцфондго төгүмдөр (3,644); Эк 2211 - иш сапарларга чыгымдар (0,361); Эк 2212 - байланыш кызмат көрсөтүүлөрү (0,361); Эк 2213 - ижара акысы (0,83); Эк 2214 - транспорттук кызмат көрсөтүүлөр (0,108); Эк 2215 - башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу (0,902); Эк 2217 - медикаменттерди сатып алуу (0,108); Эк 2218 - тамак-аш продуктуларын сатып алуу (0,036); Эк 2221 - учурдагы оңдоого чыгымдар (0,469); Эк 2222 - предметтерди жана материалдарды сатып алуу (0,253); Эк 2231 - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (0,361); Эк 3111 - имараттар жана курулмалар (0,361); Эк 3112 - машиналар жана жабдуулар (7,144); МБС - минималдуу базалык ставка 2022-жылдын 1-июнуна карата абал боюнча 7040 сомду түзөт.".
