# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 436
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029791>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029791/edition/35257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029791.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (22.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029791

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 22-июлу № 436

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат.".

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын энергетика министри бул токтомду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 25-июлундагы № 55 (3711) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
