# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15 октябрындагы № 620 "Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону жана Турак жай (тиричиликтик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15 октябрындагы № 620 "Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону жана Турак жай (тиричиликтик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 359
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029789>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43382/edition/35256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029789.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15 октябрындагы № 620 "Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону жана Турак жай (тиричиликтик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029789

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 23-июну № 359

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15 октябрындагы № 620 "Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону жана Турак жай (тиричиликтик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Аскер кызматынан жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарындагы кызматтан бошотулган адамдарга компенсациялык төлөмдөрдү берүүнүн бирдиктүү шарттарын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 "Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону жана Турак жай (тиричиликтик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматтык турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жободо:

- 16-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Аталган компенсация ушул эле шарттарда аскер кызматынан/укук коргоо органдарындагы кызматтан дискредитацияланбаган негиздер боюнча запаска/отставкага бошотулган, аскер кызматынын/укук коргоо органдарындагы кызматынын календардык узактыгы 20 жыл жана андан ашыкты түзгөн аскер кызматчыларына/кызматкерлерге ипотекалык кредитти (займды, ссуданы) жабууга чейин төлөнөт.".

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
