# Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 36 "Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отч тту бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 36 "Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отч тту бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029787>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43377/edition/35254/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029787.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 36 "Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отч тту бекитүү тууралуу" токтому (25.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029787

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-июну № 36

Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди, жыл башындагы калдыкты эске алуу менен кирешелер боюнча 23185733,0 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 22689349,7 миң сом суммасында, чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 496383,3 миң сом суммасында бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Б. Усеналиев
