# Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 35 "Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 96 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 35 "Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 96 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029786>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43376/edition/35252/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029786.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 35 "Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 96 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому (25.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029786

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-июну № 35

Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 96 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңешинин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 96 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акысыз берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

38-пункттун 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "5-пункттун а) пунктчасы үчүн ижара акысы Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 "Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 4-тиркемесине ылайык белгиленет.".

2. Бишкек шаардык мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

Төрага

Б. Усеналиев
