# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 "Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 "Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 660
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029779>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43372/edition/35246/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029779.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 "Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү жөнүндө" токтому (13.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029779

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 13-октябры № 660

Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү жөнүндө

Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү, Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 70, 77, 94-беренелерине, "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун камсыздандыруу запасын түзүү жана пайдалануу тартиби 2-тиркемеге ылайык;

3) Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 647 "Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 "Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 (3734) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
