Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-октябры № 660
Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү жөнүндө
Медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү, Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 70, 77, 94-беренелерине, "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун камсыздандыруу запасын түзүү жана пайдалануу тартиби 2-тиркемеге ылайык;
3) Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 647 "Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 "Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 (3734) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун камсыздандыруу запасын түзүү жана пайдалануу тартиби (КР Министрлер…Порядок · 13.10.2025 · № 660
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобо (КР…Положение · 13.10.2025 · № 660
- Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна)Порядок · 13.10.2025 · № 660
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 647 "Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.10.2017 · № 647 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 "Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук…Постановление · 10.01.2020 · № 4 · Күчүн жоготкон
- Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетин түзүү, карап чыгуу…Положение · 10.01.2020 · № 4 · Күчүн жоготкон
- Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын камсыздандыруу запасын түзүүнүн…Порядок · 10.01.2020 · № 4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-январындагы № 4 "Бирдиктүү төлөөчү системасында бюджеттик эрежелерди жана жол-жоболорду жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук…Постановление · 10.01.2020 · № 4 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 647 "Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.10.2017 · № 647 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 51
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 18.10.1999 · № 112
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна)Положение · 03.02.2020 · № 51